Трамп Түркияда Путин жана Зеленский менен жолугушууга даяр

АКШ президенти Дональд Трамп Орусия жана Украина лидерлери Владимир Путин, Владимир Зеленский менен Түркияда үч тараптуу жолугушууга даяр экенин Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Левитт билдирди.

Ал журналисттерге мүмкүн болгон үч тараптуу жолугушуу тууралуу суроого жооп берип жатып: "Эгер бул маселеге келсек, президент ага ачык экенин айтты" деди.

Буга чейин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган АКШнын, Орусиянын жана Украинанын лидерлери Дональд Трамп, Владимир Путин, Владимир Зеленскийдин Стамбулда же Анкарада жолугушуусун уюштурууга үмүттөнүп жатканын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан