Индияда COVID-19 илдети менен ооругандардын саны 10 күндүн ичинде кескин өстү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлашууда.
Маалыматка ылайык, акыркы суткада оорудан төрт адам каза болгон. Ооругандардын саны өткөн аптада 257ден 3395ке жеткен. Саламаттыкты сактоо министрлиги инфекциянын жаңы учурларынын көбү жеңил формада экендигин маалымдады.
Белгиленгендей, эң көп Керала штатында – 1336 бейтап жана Махараштра штатында 467 бейтап катталган. Ал эми өлкөнүн борбору Нью-Дели шаарында 375 бейтап катталган.
Бийлик жарандарды сак болууга, эл көп чогулган жерлерде беткап тагынууга, жеке гигиенаны сактоого чакырууда.