Америкалык Microsoft компаниясы кызматкерлерин кыскартууну улантып, дагы 300дөн ашуун адамды иштен кетирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Май айында CNBC телеканалы Microsoft дүйнө жүзү боюнча кызматкерлеринин 3 пайызын кыскарта турганын кабарлаган. Бул 2023-жылдан берки эң ири кыскартуу. Июнь айына карата Microsoft дүйнө жүзүндө 228 миң кызматкерге ээ болчу.
Компания өкүлүнүн айтымында, мындай өзгөрүүлөр - компаниянын рынокто ийгиликтүү болушу үчүн зарыл. Бул жаңы кыскартуулар январдагы "эффективдүүлүктү жогорулатуу" максатындагы кыскартуулар менен байланыштуу эмес. Негизги себептердин бири - башкаруучулардын санын кыскартуу болуп саналат.
Маалымат үчүн: Microsoft - дүйнөгө белгилүү технологиялык компания. Ал 1975-жылы Билл Гейтс менен Пол Аллен тарабынан негизделип, Windows операциондук тутуму менен дүйнөгө таанылган. Компаниянын баш кеңсеси АКШнын Вашингтон штатынын Редмонд шаарында жайгашкан.