18-июнда актриса Ханде Эрчел башкы ролдо ойногон "Сүйүүнү эстеп жүр" сериалы жарыкка чыгат. Бул ирет дүйнөнүн эң сулуу айымы деп аталган таланттуу актриса тууралуу кызыктуу фактыларды топтодук.
- Ханде 1993-жылы 24-ноябрда Бандырма шаарында төрөлгөн. Ал бала кезинен эле мектептеги ар кандай сынактарга катышып, андагы спектаклдерде башкы ролдорду жараткан.

- "Менин эшигимди черт" сериалы Хандеге популярдуулукту алып келген.

- Ханде өзүнүн кичинекей Бандырма шаарын жакшы көрөт. "Мен Стамбулда чоңойгум келген эмес. Менин кичинекей шаарымда баары бири-бирин тааныйт, тааныш, ушул себептен эркинсиң. Балдардын баары сыртта нан менен томат пастасын жеп бир конушта чоңойдук. Бизде тартип күчтүү эле, атам коңшу айылдарга бизди чыгарчу эмес",- деп интервьюларынын биринде айткан.
- 17 жашында Стамбулга көчүп келип, бала кезинен чыгармачылыкка жакын болгондуктан Стамбулда университетке тапшырып, түрк искусствосу боюнча билим алган.

- Ханде Стамбулда жашайт. Болжол менен бир миллион долларга кымбат баалуу үй сатып алып, оңдоо иштерине дагы жүз миң доллар сарптады. Курулушчулар менен келишим түзүп, ага ылайык алар анын үйүндө иштеген сүрөттөрүн көрсөтүүгө укугу жок болгондугу маалым.

- Анын Гамзе деген жалгыз эжеси бар. Ал турмушта. Мави аттуу жалгыз кызын тарбиялап келет. Мави менен Ханде абдан жакын, бош убактысын аны менен өткөрүүгө аракет кылат. Ошондой эле, Ханде балдары Мавиге окшош болсо экен деп кыялданат.


- 19 жашында актёрдук карьерасын куруу үчүн университетти таштаган. Алгач Азербайжанда өткөн сулуулук сынагына катышып экинчи орунду ээлеген.

- Ханде биринчи ролун аткарганга чейин 90 жолу кастингден өтпөй калган. Актрисанын дебюту 2013-жылы болгон. Ал "Боз торгой" сериалында роль жараткан.
- Көптөгөн режиссёрлор кызды толук деп айтып, аны менен кызматташуудан баш тартышкан. Ошондон кийин Ханде аракет кылып, арыктай баштаган. Ал туура тамактанып, спорт менен машыккан.
- 2016-жылы "Гүнештин кыздары" сериалынын бет ачары болуп, анда Ханде башкы ролдо ойногон. Түрк драмасы актрисага атактуулуктун биринчи бөлүгүн алып келген. Андан кийин “Сүйүү сөздү түшүнбөйт”, “Кара бермет”, “Шакек”, “Азиз” жана башка ийгиликтүү долбоорлор менен иштешкен.

- Ханденин апасы 2019-жылы дүйнөдөн кайткан. Ал рак оорусу менен күрөшүп, бирок жакшы боло алган эмес.

- "Менин эшигимди черт" сериялы чыккандан кийин сериалдагы сүйүү чыныгы жашоого айланып, Керем Бюрсин менен кыз жигит болушкан. Бирок, 2022-жылдын жаз айынын башында, айрым жолго түштү деген сөздөр тараган. Ханде инстаграммдан чогуу түшкөн бардык сүрөттөрүн өчүрүп, аны катталуудан чыгарган. Ушул убакка чейин актриса алардын эки жолго түшкөндүгү боюнча комментарий берген эмес.

- Эрчел сүрөт тартканды жакшы көрөт. Бош убактысында сүрөт тартат. Актриса өнөркана ачып, жасаган иштерин башкаларга көрсөтсөм деп кыялданат.
- Ал жаныбарларды жакшы көрөт. Учурда эки ити бар.
- Жеке жашоосуна журналисттердин кийлигишүүсүнө каршы.
- Ханде Эрчел кайрымдуулуктун элчиси. Апасы рак оорусунан каза болгондон кийин ушул сыяктуу көйгөйлөрү бар адамдарга жардам берүүнү чечкен.
- Ханде Эрчел кичинекей кезинен популярдуу болууну эңсеген.
- Мектепте окуганды жаман көргөн.
- Ханденин жеке жашоосу ар дайым көңүл борборунда болуп келген. Ал "Кулпунайдын жыты" сериалы менен таанылган Экин Мерт Даймазт менен кыз-жигиттик мамиледе болгон, бирок эч кандай расмий билдирүү жасабай эле түгөйлөр эки жолго түшүшкөн. Актриса 2018-2020-жылдары ырчы Мурат Далкылыч менен да мамиледе болгон. Алардын жаш айырмасы 10 жаш эле. 2021-жылы коомчулукту сүйүнткөн Ханде Эрчел менен Керем Бюрсин мамилесин тастыкташса, 2022-жылдын март айында жылдыздар сүйлөшпөй калганы белгилүү болгон. 2022-жылдын декабрынан бери жаш миллиардер Хакан Сабанжы менен мамиледе.

- Ханде пластикалык операция жасатпаганын көп айтат, бирок күйөрмандары анын келбетиндеги көп нерселери өзгөргөнүн дайыма белгилеп айтып келишет.
