Адылбек Касымалиев Тажикстанга иш сапары менен барат

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Тажикстандын Душанбе шаарына барат. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда президенттик администрациянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, жумуш сапары 4-5-июнь күндөрү болот.

"Анын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат. Отурумдун жүрүшүндө соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактар боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, чечимдер кабыл алынат",- деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, иш сапардын алкагында эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлөрү жана бир катар документтерге кол коюулары пландалып жатканы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан