Эми жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсация төлөнөт. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, министрлер кабинети бул жаатта атайын токтом кабыл алган.
Президенттин жарлыгына ылайык, 1-январдан тартып Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, башка мамлекеттердеги согуштук операциялардын катышуучуларына жана Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкан адамдарга, ошондой эле алардын үй-бүлөлөрүнө жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсациялардын өлчөмү көбөйтүлгөн. Эми акчалай компенсациянын өлчөмү жогоруда көрсөтүлгөн төлөмдөрдү алган адамдардын категориясына жараша 1500 сомдон 10 миң сомго чейин болот.
"Жарандардын категорияларынын тизмесине 1993-жылдан 1999-жылга чейин тажик-ооган тилкесинде Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин чек арасын коргоону күчөтүү боюнча эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык милдеттерди аткарган Кыргызстандын аскер кызматкерлеринин категориясы киргизилген",- деп айылат маалыматта.
Ошондой эле тиешелүү мекемелерге эмгекке жарамсыз жарандарга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө акчалай компенсацияларды же турак жай субсидияларын берүү жолу менен, өзгөчө жаратылыш газына жана жылуулук энергиясына төлөөдө жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен калктын аярлуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүү тапшырылган.