Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү мекеме-ишкана жетекчилери менен кезектеги таңкы рейдде Касымбеков көчөсүндөгү “Манас” айланма тилкесинен “Достук” чек ара бекетине чейин кыдырды. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда мэриядан билдиришти.
Аталган көчөнүн эки четине жөө адамдар үчүн тротуардын курулушун, жолду кеңейтүү жана жашылдандыруу иштерин тездетүүнү тапшырды.
Андан ары “Достук” чек ара бекетин карай жүрүп, жолдогу айлампаны мрамор таш менен каптоо ишинин кечигип жатканын сындап, чек ара бекетинин айланасын көрктөндүрүү, соода түйүндөрүнүн, акча алмаштыруу жайларынын жана башка имараттардын сырткы көрүнүшүн бирдей абалга келтирүү иштерин текшерди.
Ошондой эле тазалык каралбай, арыктардын ичи таштанды экенин белгилеп, тез аранын ичинде иретке келтирүү тапшырмасын койду деп маалымдалды.