Косметикалык каражаттарды жеген блогер каза тапты

Тайванда ар кандай косметикалык каражаттарды жеп көргөн блогер каза тапты. Бул тууралуу South China Morning Post басылмасы жазып чыкты.

Маалым болгондой, 24 жаштагы тайвандык блогер айым күтүүсүздөн каза тапкан. Интернет колдонуучуларына ал Guava Beauty ылакап аты менен белгилүү. Блогер социалдык тармакта помада, румяна сыяктуу ар кандай косметикалык каражаттарды жеп жаткан видеолорун бөлүшүп турчу. Мындай контент көпчүлүктү таң калтырып, айрымдары аны сынга алышкан.

24-май күнү анын социалдык тармактагы профилинде кайгылуу билдирүү пайда болгон. Кийинчерээк анын үй-бүлөсү расмий түрдө блогердин каза болгонун ырастады.

Социалдык тармактын колдонуучулары анын өлүмүнө химикаттардан уулануу себеп болушу мүмкүн экенин жазышууда. Буга чейин да айрым колдонуучулар Guava Beauty’ге мындай кадамы ден соолукка коркунучтуу экендигин эскертишкен болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан