Нидерландда жаңы дайындалган премьер-министр Дик Схооф жетектеген өкмөт тарады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Өкмөттүн кулашына себеп - "Эркиндик" партиясынын коалициядан чыгышы болду.
"Эркиндик" партиясынын лидери Герт Вилдерс өлкөнүн башпаанек жана миграция саясатына байланыштуу талаптары аткарылбаганын билдирип, коалициялык келишимге кол коюудан баш тарткан.
"Кол коюу жок - келишим жок. "Эркиндик" партиясы коалициядан чыгат," - деп жазды Вилдерс социалдык тармактагы баракчасына.
ЖМКлардын маалыматына караганда, Вилдерс коалициялык макулдашууга төмөнкүдөй катуу чаралар киргизилишин талап кылган:
• Башпаанек сурагандар үчүн чек араларды жабуу
• Аскерий көзөмөлдү күчөтүү
• Башпаанек берүү борборлорунун санын кыскартуу
• Убактылуу жашоо уруксаты бар сириялыктарды өлкөдөн чыгаруу
Буга чейин Вилдерс эч нерсе өзгөрбөсө, партиядан кетерин эскерткен.
"Эркиндик" менен бирге коалиция түзгөн башка партиялар анын талаптарына макул боло алышкан эмес.
Мунун жыйынтыгында коалиция ыдырап, өлкөдө саясий баш аламандык күч алды. Өлкөдө эми жаңы саясий сүйлөшүүлөр же мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүшү мүмкүн.