Айыл чарба министрлиги менен Беларустун Улуттук маркетинг жана баа борборунун, "Кыргыз Агротеххолдинг" ишканасынын өкүлдөрүнүн ортосунда жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу маалымат аталган министрликтин сайтында жарыяланды.
Маалымдалгандай, жолугушуу айыл чарба продукциясын Беларустун рыногуна экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү багытындагы маанилүү кадам болду.
Беларусь тарап Кыргызстанда өндүрүлгөн сапаттуу жана экологиялык таза продукцияга кызыгуусун билдирди. Ал эми кыргыз өндүрүүчүлөрү Беларусь рыногун экспорт үчүн келечектүү багыт катары карап, бул өз кезегинде кирешелерди көбөйтүүгө жана эл аралык рыноктогу позицияларын бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн айтышты.