Ош облусунун Кара-Суу районунда мыйзамсыз сатылган 6,3 гектар жер мамлекеттик менчикке кайтарылды. Бул тууралуу 3-июнда Башкы прокуратура билдирди.
Маалымдалгандай, Савай айыл өкмөтүнө караштуу 6,0 гектар суугат жер тилкеси жана Манас айыл өкмөтүнө караштуу 0,3 гектар жер тилкеси мыйзамсыз жеке жактарга берилип кеткендиги аныкталды.
Жыйынтыгында жалпы базар баасы 48 миллион сомдон ашкан жер тилкеси мамлекеттик менчикке кайтарылды.