Ош шаарында турак үйдөн чыккан өрттөн 64 жаштагы эркек киши бетинен жана колунан күйүк алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
ӨКМ бүгүн, 3-июнда тилсиз жоо тууралуу кабар түшөрү менен ал жерге дароо 2 бөлүм жөнөтүлгөнүн белгиледи. Саат 13:53тө башталган өрт өчүрүү иштери 16:12де аяктап, тилсиз жоо толугу менен чектөөгө алынган.
Министрлик учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталып жатканын кошумчалады.