2025-жылы барууга сунушталган шаарлардын тизмеси жарыяланды. Бул тууралуу National Geographic Travel журналы жазып чыкты.
Маалыматка караганда, эң мыкты шаарлардын сап башында Босния жана Герцеговинанын борбору Сараево шаары турат. Журнал Инстаграм баракчасында добуш берүү өткөргөндөн кийин Сараевону “2025-жылдын эң мыкты шаары" деп белгиледи. Ошондой эле билдирүүдө “Өнөр жай менен табияттын кереметтүү айкалышы болгон, бай тарыхка ээ бул шаардын мыкты экенине таң калбайлы” деген сөздөр камтылган.
Сараеводо кыдырууга татыктуу жерлердин арасында жергиликтүү дүкөндөр да бар экени айтылып, “Миляцка дарыясынын жээгинде сейилдеп, шаардын кооз көрүнүшүнө суктаныңыз” деген кеңеш берилген. Ал эми аталган шаардын мэри Бенжамина Карич борбор шаар дүйнөнүн бардык бурчунан келген конокторду эң сонун кабыл аларын белгилеп, Башчаршы базарында бир жолу суу ичкендер Сараевого сөзсүз кайра келишерин айткан.
National Geographic Travel журналынын добуш берүүсүндө Сараеводон сырткары Вьетнамдын Хошимин, АКШнын Жаңы Орлеан, Түркиянын Бодрум жана Перунун Куско шаарлары да көрсөтүлгөн.