Караколдо мыйзамсыз балык уулоо жана курал-жарак сактоо фактылары аныкталды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, милицияга мыйзамсыз балык уулоо жана аңчылык менен алектенип жүргөн жаран тууралуу билдирүү түшкөн. Ыкчам тергөө иш-чаралар башталып, мыйзамсыз балык уулоо жана сатуу менен алектенген, ошондой эле курал-жарак жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактап жүргөн 4 жаран аныкталган. Аларга кылмыш иши козголгон.
Шектүүлөрдүн турак жайларында тинтүүлөр да жүргүзүлгөн. Натыйжада Пристань-Пржевальск айылынын 64 жаштагы тургунунун үйүнөн 12 даана синтетикалык браконьердик тор, 10 даана балык уулоочу жабдуу жана 4 балык табылган. Ал эми ошол эле айылдын 50 жаштагы тургунунун жашаган дарегинен 77 даана кургатылган карась балыгы, 3 даана балык уулоочу жабдуу жана Шиширин үлгүсүндөгү кайык алынган.
Каракол шаарынын 51 жаштагы тургунунун үйүнөн болсо, ар түрдүү калибрдеги 10 ок атуучу курал, 730 ок-дарылар, 7 балык уулоочу жабдуу, 4 даана оптикалык прицел жана 5 даана мергенчилик бычак табылган. Мындан тышкары Ак-Тилек плюс базарында жайгашкан аңчылык дүкөнүнө да тинтүү жүргүзүлүп, анда балык уулоочу арбалет, 11 тапанча, 77 ок-дарылар жана ок атуучу куралдар алынган.
Табылган шаймандар, курал-жарактар, ок-дарылар жана балыктар далил зат катары алынып, тиешелүү соттук-экспертизалар дайындалды. Учурда келтирилген экологиялык зыяндын көлөмү такталууда жана тергөө иштери уланууда.