Баткенде милиция кызматкерлери адам өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Баткен облусунда өткөрүлгөн эл аралык ыр майрамында милиция кызматкерлери коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда активдүү иш алып барышып, мыйзам бузуулар катталган жок. Жашы жете электердин аймактык тескөөчүлөрү ата-энелеринен адашып калган 20га жакын баланы таап, аларды аман-эсен ата-энелерине өткөрүп беришти.
Мындан тышкары Сүлүктү ШИИБинин Коомдук коопсуздук кызматынын милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү Музаффар Чокуев эпилепсиясы кармаган 30 жаштагы жаранды аба ырайынын суук жана нөшөрлөп жааган жамгырында эс-учун жоготкон абалда таап, биринчи жардам көрсөтүп, анын өмүрүн сактап калды.
Ошондой эле Кадамжай РИИБинин Коомдук коопсуздук кызматынын улук милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү Тынчтыкбек Топчубаев Ак-Турпак айылынын тургунунун 2 айлык наристеси дем албай, дене башы көгөрүп, өзүнөн кетип калганын байкаган. Ал наристени колуна алып, чуркап барып, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери Мустафахан Акматовдун кызматтык унаасына салып, алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн. Баланы жасалма дем алдырып, өзүнө келтирип, тез жардам бөлүмүнө жеткиришкен.