Бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында интернет мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган сайттарга кирүүгө тыюу салууну сунуштаган мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.
Документ коомдун моралдык жана этикалык баалуулуктарын коргоо үчүн мындай мүнөздөгү контентти интернет мейкиндигине таратууга тыюу салууну жана аны интернет аркылуу тараткандарды жоопкерчиликке тартууну сунуштайт.
Аталган мыйзамдын демилгечилери – депутаттар Марлен Маматалиев, Талант Мамытов, Камила Талиева, Сүйүнбек Өмүрзаков, Эльдар Абакиров, Балбак Түлөбаев жана башкалар.
Эске салсак, бул мыйзамды 20-майда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети да жактырган.