"Ачуулангандар аз болмок..." Депутат Масалиев Бишкектеги автобекеттерди көчүрүү иштерин сынга алды (видео)

Бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Исхак Масалиев Бишкектеги эки автобекетти шаар четине көчүрүү иштеринде мүчүлүштүктөр болгонун айтты.

"Эми шаардын ичин бошотуш керек деген талап туура эле. Бирок, биринчиден, ошол жерлерге шарттары менен автобекттерди куруп, анан таксисттерди кубаласак кандай болот эле? Мисалы, тиги Кудайберген тараптагы автобекетте ажаткана да жок болчу", - деди ал.

Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Алмаз Тургунбаев учурда Бишкек шаардык мэриясы тарабынан ал жактарда бардык шарттарды түзүү иштери жүрүп жатканын билдирди.

"Ооба, башында кемчиликтер болгон. Бүгүнкү күндө эл көнүп калды", - деди Тургунбаев.

"Каргап, сөгүп, урушуп, көнүп жатат. Адам ушундай чыдамдуу экен да. Бул жерде чырылдап талаша турган эч нерсе жок. Бирок биринчи шартты түзүп, алыскы автобекеттерге автобустарды уюштуруп, анан жапса, менимче, бир аз ачуулангандар аз болмок", - деди Масалиев.

Исхак Масалиев
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан