Ички иштер министринин орун басары: "Мурда бизге запкы жеген аялдар көп кайрылчу эмес" (видео

Кечээ, 3-июндагы Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Кара-Кулжадагы келиндин өлүмү боюнча маалымат берди.

Анда ал депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, аялдарга карата зомбулук фактыларынын саны өсүп жатканын коомчулуктун сабаттуулугу артканы менен байланыштырды. Абдиев мурун коомчулук милицияга көп кайрылбагын мисал кылды.

"Саны жылдан-жылга өсүп жатканынын бирден-бир себеби... Ооба, мурда бизге запкы жеп келген аялдар көп кайрылчу эмес, азыркы учурда билимдүү болушкандыктан аялдар күйөөлөрү сабаса арызы менен чуркап келишет. Азыр жаш балдар да ата-энеси тарабынан укугу бузулуп жатса кайрылып калышкан. Бул биздин сабаттуулугубуздун жогору болгондугу жана ошого көңүл бөлүнгөндүгү. Эч качан милиция кызматкерлери кайдыгер карашпайт. Ар бир факт боюнча тиешелүү иштерди алып барышат", - деди ал.

Эске салсак, 26-майда Ош облусунун Кара-Кулжа районунда каргашалуу окуя катталып, 38 жаштагы аял жолдошунун колунан ажал тапкан.

04.06.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан