
Кыргызстандын кармаш урушу боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Түркиянын Бурса шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда 1 күмүш жана 2 коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, Кундузбек Турсунбеков 73 килограммга чейинки салмак категориясында 2-орунду ээледи. Ошондой эле Нурсултан Көккөзов (80 килограмм) жана Азат Жумабаев (85 килграмм) коло медалга ээ болушту.
Курама команда башкы машыктыруучу Талас Токоров жана машыктыруучу Аманбек Кыдыралиевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.