
Өлкө аймагында акыркы суткада 28 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 29 күжүрмөн эсеп тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Бишкек шаарында 5, Ош шаарында 1, Ош облусунда 2, Чүй облусунда 8, Жалал-Абад облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 2, Талас облусунда 4, Баткен облусунда 3 өрт кырсыгы болду.
Министрлик жарандарды өрт коопсуздугун сактоого чакырат.