Дүйнө жүзүнө таанымал Голливуд жылдызы Анжелина Жоли бүгүн, 4-июнда 50 жашка чыкты. Ал 1975-жылы дал ушул күнү туулган.
Жоли Голливуддагы эң популярдуу жана жогорку маяна алган жылдыздардын бири болуп саналат. Бүгүнкү күндө ал актриса гана эмес, кинорежиссёр, сценарист, модель, 2001-жылы БУУнун ыктыярдуу элчиси болуп дайындалган. Дүйнөнүн көптөгөн жакыр өлкөлөрүнө барып, качкындар баш калкалаган кооптуу аймактарды кыдырып, жардам көрсөтөт. Ал эми актрисанын жеке жашоосу ар дайым күйөмандары үчүн кызык болуп келет. Туулган күнүнө утурулай ал тууралуу фактылар топтомун сунуштайбыз.
1. Анжелина Жоли Войт - бул кино актрисасынын толук аты-жөнү болгон. Войт атасынын фамилиясы, аны актриса өзү биринчи мүмкүнчүлүктө эле өзгөрткөн, анткени атасы үй-бүлөсүн таштап кетип калган. Ал атасынын фамилиясы менен жүргүсү келген эмес.
2. Жолинин ата-энеси дагы актёр болгон.
3. Анжелина Жоли көп улуттуу (Канада, Словакия, Нидерланды, Германия) үй-бүлөдөн чыккан.
4. Анжелина "Оскардын", ошондой эле үч "Алтын глобустун" ээси. Ал бул сыйлыктардын үчөөнү катары менен алган биринчи актриса.
5. Жолинин денесинде жыйырмадай татуировка бар. Мисалы, актрисанын сол ийининде балдарынын туулган жылдары, жери жазылган татуировка бар.
6. Актриса жаш кезинде көп депрессияга кабылган. Бир жолу денесин бычак менен кесип салган учур болгон. Ал өзүнүн келбетин жактырчу эмес.
7. Биринчи үйлөнүү тоюнда футболка кийип, ага өзүнүн канынан сүйгөнүнүн атын жазып чыккан.
8. Анжелина Жоли тамак жасаганды такыр билбейт.
9. "Лара Крофт" тасмасындагы бардык трюктарды актриса каскадёрлордун жардамы жок эле өзү аткарган.
10. Жоли 14 жашынан модель болуп иштеп баштаган.
11. Анжелина Жоли сологой.
12. Учак айдаганды билет, өзүнүн жеке учагы дагы бар.
13. Анын алты баласы бар, үч баласын өзү төрөгөн ал эми үчөөсүн багып алган. Аларга көп тил үйрөтүүгө аракет кылат. Балдардын баары чет тилдерден сабактарды алышат.
14. Жоли балдарынын алгачкы сүрөттөрүн журналдарга 14 миллион долларга саткан. Алган акчасынын баарын кайрымдуулукка жумшаган.
15. Актриса 2009, 2011, 2013-жылдары "Forbes" журналынын версиясы боюнча эң көп акча төлөнгөн актриса деп табылган.