Белгилүү актёр Бектур Усенов уулдуу болду

Белгилүү актёр, сценарист Бектур Усенов менен жубайы - блогер, актриса Айзат Аскарбекова уулдуу болушту. Алар кубанычтуу кабарын социалдык тармактагы баракчаларында бөлүшүштү.

"Биз уулдуу болдук. Колдоо көрсөтүү, жакшы каалоо-тилектериңер үчүн баарыңарга чоң рахмат. Силерге дагы жуксун. Бизде баары жакшы. Айзат көп күч жоготту, азыр калыбына келип жатат", - деп билдирүү калтырган Бектур мырза.

Буга чейин алар наристесинин жынысын билүү үчүн чакан гендер пати уюштурганын кабарлашкан.

Белгилей кетсек, актёр Бектур Усенов менен блогер Айзат Аскарбекова 2022-жылы бош кошуп, буга чейин бир кызды тарбиялап келишкен.

Бектур Усенов уулдуу болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан