Fitch Ratings "Элдик Банктын" кредит рейтингин Туруктуу” болжол менен "В" деңгээлине көтөрдү

Элдик Банк кредит рейтингин Туруктуу” болжол менен "В" деңгээлине ийгиликтүү көтөрүүгө жетишкен Кыргыз Республикасындагы биринчи банк болуп калды.

Fitch Ratings эл аралык рейтинг агенттиги «Элдик Банк» ААКнун улуттук жана чет өлкө валютасында «В-» деңгээлинен Туруктуу” болжол менен "В" деңгээлине чейин, Кыргыз Республикасынын суверендүү кредит рейтингинин деңгээлине - эмитенттин дефолтунун узак мөөнөттүү рейтингин (кредит рейтинги) жогорулатты.

Алып карасак, Элдик Банк Кыргызстандагы кредит рейтингин сактап жаткан эле эмес, жогорулатып жаткан дагы банк болуп калууда. Банк 2024-жылдын башында Fitch Ratings эл аралык агенттигинен Туруктуу” болжол менен "В" деңгээлиндеги кредит рейтингин алганын белгилей кетебиз.

Рейтингди көтөрүү өлкөбүздүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнүн жакшырып баратканын, Элдик Банктын системалык олуттуулугун жана зарыл учурда мамлекеттин банкты колдоо дараметин жана даярдыгын чагылдырат. Fitch Ratings тарабынан белгиленген негизги факторлор:

  • Сектордо лидерлиги: Элдик Банк - Кыргызстандагы банк секторунун бардык активдеринин 16% үлүшү менен экинчи орунда турган ири банк;
  • Жигердүү өнүгүү: кредит портфелинин орточо жылдык өсүшү акыркы үч жыл ичинде 34% түздү – бул тармактагы эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири;
  • Финансылык туруктуулук: Жогорку рентабелдүүлүк, ишенимдүү өтүмдүүлүк жана капиталдаштыруу (Fitch Core Capital - 2024-жылы 28%, ал эми 2025-2026-жылдары 35-40%га чейин өсүшү күтүлүүдө);
  • Мамлекеттин колдоосу: Мамлекет тарабынан үзгүлтүксүз капиталдык салымдар банктын позициясын бекемдеп, социалдык маанидеги программаларды кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.

"Fitch рейтингинин жогорулашы - өлкөбүздүн банк секторунда Элдик Банктын ишенимдүү, динамикалуу өнүгүп келе жаткан катышуучу катары таанылышына тете. Бул Банктын командасынын мыкты уюштурулган ишинин, корпоративдик башкарууну чыңдоонун натыйжасы жана биздин туруктуу өнүгүү стратегиябызды дагы тастыктоодо. Биз кардарларыбыздын, өнөктөштөрүбүздүн жана мамлекетибиздин бизге болгон ишенимине терең ыраазычылык билдиребиз", - деди «Элдик Банк» ААК Башкармасынын Төрагасы Уланбек Ногаев

Маалымат иретинде: Fitch Ratings алдыңкы үч эл аралык рейтинг агенттиктеринин бири. Fitch рейтингдери дүйнө жүзү боюнча уюмдардын жана мамлекеттердин финансылык туруктуулугунун ишенимдүү көрсөткүчү катары таанылат.

КРУБ лиц. №033

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан