"Оңой эмес маселе". Депутат ата-энелер балдарын 1-класска киргизе албай жатышканын айтты

Депутат Бакытбек Марипов Агартуу министри менен Бишкек шаарынын мэрин Жогорку Кеңештин жыйынына чакырууну сунуштады.

4-июндагы парламент жыйынында депутат Бакытбек Марипов ата-энелер балдарын 1-жана 2-класска киргизе албай жатышканын айтып, тийиштүү жетекчилерди чакырууну сунуштады.

"Оңой эмес маселе. Кайсы мектепке кайрылсаң да, бош орун жок деп жазып жатышат. Азыр министрликтин алдында эл чогулуп турат. Келгиле, кийинки жыйынга министр менен мэрди чакырып, маалымат угалы", - деди депутат.

Жогорку Кеңеш анын сунушун добуш берүү менен колдоду.

Марипов
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан