ИИМде Курман айттагы коопсуздук чаралары талкууланды

ИИМде Курман айт майрамында коопсуздук чаралары жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 4-июнда ИИМдин борбордук аппарататында аппараттык онлайн-кеңешме өткөрүлдү. Ага ички иштер министри Улан Ниязбеков, министрдин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов, министрдин орун басарлары жана ички иштер органдарынын жетекчилери катышты.

ИИМ башчысы келе жаткан Курман айт майрамына байланыштуу коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу максатында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып баруусун тапшырды. Шаардык, облустук, райондук жана айылдык ички иштер органдарынын жетекчилерине жүктөлгөн милдеттерди кынтыксыз аткарып, бул күнү элдин коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыздоону ишке ашыруу керектигин эскертти.

Ошондой эле аппараттык кеңешменин жүрүшүндө мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү иш-чаралары жөнүндө маселе каралды.

"Жакында мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү багытында өлкө башчысы Садыр Жапаровдун "Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгы чыккан. Анда Ички иштер министрлигинин алдына өлкөнүн аймагында миграциялык мыйзамдарды бузуу менен жүргөн чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды аныктоо боюнча ыкчам иш-чараларды жүргүзүү тапшырмасы коюлган.

Андан тышкары, үстүбүздөгү жылдын 10-июнуна чейин биздин өлкөнүн аймагында мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жарандарга өздөрүнүн укуктук абалын жөнгө салып, мыйзамдаштырууга убакыт берилди. Бул мөөнөт аяктагандан кийин ички иштер органдары миграциялык мыйзамдарды бузгандарды аныктоо максатында "Нелегал", "Миграция" аттуу профилактикалык түшүндүрүү иш-чараларды жүргүзүлө баштайт.

Андыктан, бүгүнкү аппараттык кеңешмеде бул маселени карап, өлкө башчыбыздын жарлыгын кынтыксыз жана так аткарууга баарыбыз милдеттүүбүз. Бул талаптардын баардыгын, Ички иштер министрлигинин кызматтарынан баштап аймактардагы айылдык жана шаардык милиция бөлүмчөлөрүнүн өздүк курамына так жеткирип коюңуздар",- деди Ниязбеков.

Министр кеңешмеде каралган маселелердин алкагында коюлган талаптарды, берилген тапшырмаларды так аткаруу керектигин жетекчилерге дагы бир жолу эскертип кетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан