Бүгүн, 4-июнда борбор калаада "Түрк хору" жана "Сопрано" арт тобунун катышуусунда "Биримдик ырлары" аттуу чоң концерт болот. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чара саат 19:00дө Ала-Тоо аянтында башталат. Концерт Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чаралардын алкагында болмокчу.
"Жандуу музыкалык иш-чара көрүүчүлөргө профессионалдуу аткарууну жана эл аралык артисттердин кубаттуу энергиясын тартуулайт. "Түрк хору" жана "Сопрано" арт тобу турмуш, тынчтык жана достук жөнүндөгү композицияларды, маданиятты бириктирген ырларды аткарышат",- деп айтылат маалыматта.
Чоң масштабдагы концерт Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин көмөгү менен уюштурулуп жатканы айтылды.