Курман айт күнү жол кире көтөрүлбөй турганы айтылды

Алдыдагы айт, арапа күндөрү жол кирени өз алдынча көтөрүүгө жол берилбейт. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, аталган мекеменин Техникалык көзөмөлдөө бөлүмү автобекеттерде Бишкек шаарынан сырткары аймактарга каттаган маршурттук жана жеке таксилердин айдоочуларын текшерүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

Ошондой эле Айт, арапа күндөрү көпчүлүк жарандар айыл жергесине жөнөшкөндүктөн, жол кирени өз алдынча көтөрүүгө аракет кылган айрым такси айдоочулары да болушу мүмкүн экени айтылып, айдоочуларга түшүндүрүү, эскертүү иштери болгон. Мекеме учурда автобекеттер көзөмөлгө алынып, эч кандай бааны өз алдынча көтөрүп алуу фактылары жок экенин кошумчалайт.

Эске салсак, быйыл Курман айт майрамы 6-июнда белгиленет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан