Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алиярбек Абжалиев 13-июлга чейин камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Мекеме билдиргендей, Абжалиевди камакка алуу боюнча Улуттук коопсуздук комитетинин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын тергөөчүсү арыз берген.
Эске салсак, 2022-жылдын март айында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алиярбек Абжалиевге карата алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Анда Абжалиевдин депутат болуп турган мезгилде жакын туугандары менен сүйлөшүп алып, алдамчылык жолу менен жеке ишкерге 2 миллион доллар өлчөмүндө зыян келтиргени айтылган.
Иш боюнча чогултулган далилдердин негизинде ал кармалган. Ага расмий айып тагылып, камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган. Кийинчерээк Абжалиев келтирилген зыянды толук төлөп бергенине байланыштуу үй камагына чыгарылган.
Алиярбек Абжалиев мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы экени белгилүү.