Аламүдүн-1де жаңы KFC ачылды – сүйүктүү тоок эти эми жакын жерде

Бишкек шаарында жаңы KFC рестораны ачылды. Эми фирмалык тоок этинен даам татуу үчүн борборго барып, тыгындарда туруп убара болуунун кажети жок. Ресторан Аламүдүн-1 кичи районунун чок ортосунда, "Чынар" базарынын жанында жайгашкан.

Кеңири, ыңгайлуу жана заманбап

Бул жердеги атмосфера эл аралык брендден күтүлгөндөй: заманбап жана жайлуу. Ички жайгашуусу ушунчалык ыңгайлуу болгондуктан бул жакка үйгө бара жатып же досторуң менен түшкү тамакка келүүгө да ыңгайлуу.

Ресторан кеңири, таза жана KFC'ге мүнөздүү кызмат көрсөткөн деңгээлде: буйрутманы кассадан да, өз алдынча кызмат көрсөтүүчү киоск аркылуу да берсе болот. Glovo, Яндекс Еда жана "Ковер Самолет" аркылуу жеткирүү кызматы иштейт – бул үйдөн чыккың келбеген учурда өтө ыңгайлуу.

Майда-баратка көңүл буруу жана чыныгы камкордук

Кызматкерлер сылык жана ыкчам. Коноктор көп болсо да тейлөө сапаты жогорку деңгээлде калууда. Баары так, ашыкча ызы-чуу жок, ошол эле учурда жагымдуу мамиле менен. Зал таза жана тынч – балдар менен же бүт үй-бүлө менен келүүгө ылайыктуу.

Киоск аркылуу буйрутма берип жатканда залдын менеджери дароо келип, менюну түшүндүрүп, тандоого жардам берди. Буйрутма абдан тез даяр болду – стол тандап отурганча эле даяр болуп калды.

Классикалык менюну татып көрдүк: стрипстер, картошка жана бургерлер – баары даамдуу, ысык жана ар дайымкыдай жогорку деңгээлде.

Өзүңдүкүдөй ресторан

Аламүдүн-1деги KFC – бул үй-бүлөң менен тынч тамактанууга же достор менен жолугушуу үчүн борборго чыкпай эле мүмкүнчүлүк түзүлгөн жер. Жагымдуу атмосфера, сылык персонал жана ыңгайлуу жайгашкан жери – кайра келип турууну каалаганга бардык себептер бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан