MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору MegaTV мобилдик колдонмосунда популярдуу «Иви» онлайнкинотеатрын ишке киргизди. Эми компаниянынабоненттери видео контенттин кеӊири топтомун түз эле өз түзмөктөрүнөн көрө алышат, бул тасмаларды, сериалдарды жана телеберүүлөрдү көрүүнү мүмкүн болушунча ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылат.
«Иви» онлайн кинотеатры – тасмаларды, сериалдарды, телеберүүлөрдү жана башка видеоматериалдарды онлайн режимде көрүү үчүн заманбап популярдуу кинотеатр. «Иви» колдонуучулар үчүн контенттин кеӊири топтомуна, анын ичинде жаңы чыгарылыштарга, ошондой эле дүйнөлүк киноматографиянын классикасына жана эксклюзивдүү долбоорлорго жетки алуу мүмкүнчүлүгүн көрсөтөт.
Платформа жазылуунун ар кандай ыкмаларын сунуштайт жана жекелештирилген сунуштарды түзүү менен кызыкчылыктар боюнча контентти тандоого мүмкүндүк берет.
MegaTV сервисинде «Иви» онлайн кинотеатрына жазылууоңой жана жөнөкөй! Абоненттер үчүн жазылуунун баасы КНСти жана ССти кошо эсептөө менен болгону 7,31 сомду түзөт. Кызматты активдештирүү үчүн *724*1# буйруусун, ал эми өчүрүү үчүн *724*0# буйруусун терүү жетиштүү. Биринчи жолу кошууда 14 күн акысыз колдонуу мезгили берилет.
MegaTV колдонмосун Smart TVге, смартфонго жана планшетке орнотууга, же megatv.kg веб-интерфейси аркылуу компьютерде көрүүгө болот. Бир номер менен жазылып, онлайн кинотеатрды беш башка түзмөктө бүт үй-бүлөңүз менен көрө аларыӊызды эске салабыз.
MegaTV – жаӊы муундагы телекөрсөтүү!