Илон Маск X (мурунку Twitter) платформасында жаңы XChat аттуу атайын код менен корголгон билдирүү системасын ишке киргизгенин жарыялады. Бул кызмат аркылуу колдонуучулар билдирүүлөрүн коопсуз жана жашыруун түрдө жөнөтө алышат.
"Жаңы XChat мессенжери ишке кирди: купуяланган, жоголуп кетүүчү билдирүүлөр жана ар кандай файлдарды жөнөтүү мүмкүнчүлүгү кошулду. Мындан тышкары аудио жана видео чалууга да шарт түзүлгөн.
Бул система Rust программалоо тилинде жазылып, "биткоин стилиндеги" шифрлөө жана таптакыр жаңы архитектура менен курулган", - деп жазды ал.
Негизги өзгөчөлүктөрү:
Масктын билдирүүсүндө, XChat азыркы жеке кат (DM) системасын толугу менен алмаштыра турганы белгиленди. Жаңы кызмат бул жума ичинде дүйнө жүзү боюнча этап-этабы менен активдешет.
Илон Маск муну менен колдонуучуларга коопсуз байланыш түзүп берүү максатын көздөп жатканы айтылат.