11-июндан тарта Өзбекстандан Ысык-Көлгө автобус каттап баштайт. Бул тууралуу Өзбекстандын Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
“Uzautotrans Service” ишканасы Ташкент-Чолпон-Ата багыты боюнча мезгилдик автобус каттамын жандантып, ишке киргизет. Каттамдар күн сайын Yutong үлгүсүндөгү ыңгайлуу автобустар менен аткарылат. Борбордук автобекеттен автобус ар күнү саат 15:00дө жолго чыгат.
Билеттердин баасы — 300 миң сум (2051 сом )