Казакстанда балдарды мыйзамсыз сатуу менен алектенгендер кармалышты

Казакстандын Алматы шаарында балдарды мыйзамсыз сатуу менен алектенген топтун иши ачыкка чыкты. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, кылмыштуу топ "социалдык жактан аялуу катмардагы" аялдардын жаңы төрөлгөн балдарын сатып алышкан. Андан соң, балалуу болгусу келгендерге чоң суммага сатышкан. Шектүүлөр акча алып жаткан учурда кылмыш үстүнөн кармалышты.

"Бул бир жолку аракет эмес. Биз туруктуу схема болгон деп эсептейбиз, мүмкүн аймактар аралык байланышы да бар. Бардык тиешелүү адамдарды аныктоо боюнча иштер уланууда, ",- деп билдирген Алматы шаардык милиция департаментинин жетекчисинин биринчи орун басары Куатбек Науатов.

Тергөө материалдарына ылайык, кылмыштуу схема бир нече жыл бою иштеп, социалдык тармактар аркылуу уюштурулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан