АКШнын Нью-Джерси штатындагы Ньюарк Либерти эл аралык аэропортунда 2 жаштагы бала кызыгуу менен багаж лентасына чыгып, анда 5 мүнөт бою жүрүп жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, баланын апасы билетин кайра каттатып жатканда, 2 жаштагы бала көздөн кайым болгон. Ал кыймылдап жаткан жүк ташуучу лентага кызыгып, үстүнө чыгып кеткен.
Бала жүк ташуучу лентада жүктөр менен кошо жылып отуруп, рентген аппаратынын жанындагы текшерүү аймагына түшүп кеткен. Окуяны уккан эки полиция кызматкери дароо аракетке өтүп, баланы аман-эсен куткарып калышты. Бала колун жеңил жабыркатып, ооруканага жеткирилген.