Ошто мыйзамсыз балык уулоого шектелип Кытайдын үч жараны аныкталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар дарыядан балыкты атайын электрондук балык уулоочу шаймандар менен мыйзамсыз түрдө кармап жаткан жеринен колго түшүшкөн.
Аталган факт боюнча административдик протокол түзүлүп, материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.