200дөй адам кармалды... Орусияда мыйзамсыз жүргөн мигранттарга каршы рейд жүргүзүлдү

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында мыйзамсыз жүргөн мигранттарга каршы рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда аталган шаардын полиция кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, рейд учурунда полиция кызматкерлери 5 миңге жакын чет элдик жаранды текшеришкен. Анын ичинен 200дөн ашуун адам кармалып, административдик иш жүргүзүү үчүн аймактык полиция бөлүмдөрүнө жеткирилген.

"Кармалгандардын көпчүлүгү айып пул жана мыйзам бузуу шарттарын жоюу тууралуу эскертүү менен коё берилди. Бирок миграция мыйзамдарын одоно бузган 30га жакын чет элдик жаранга өлкө аймагынан чыгып кетүү тууралуу билдирүү берилди",- деп жазылат маалыматта.

Мекеме рейд учурунда тартылган видеону да жарыялаган. Анда полиция кызматкерлери курулуш аянтчаларын текшерип, коомдук транспортторго кирип, автоунааларды токтотуп жатышканы көрсөтүлөт. Ошондой эле чет элдиктердин документтерин текшерип, кармалгандарды атайын унааларга салып жатышканын байкоого болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан