Бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев социалдык тармак TikTok’ко болгон тыюуну алып салууну сунуштады.
Анын айтымында, кыргызстандыктар TikTok’ту азыр да VPN аркылуу колдонуп жатышат. Бул болсо кооптуу жагдайларга алып келиши мүмкүн.
"Жарандар TikTok’о VPN аркылуу кирип, жеке маалыматтарын түшүнүксүз жактарга берип жатышат. Бул, тескерисинче, улуттук коопсуздукка коркунуч. Андан көрө TikTok өкүлдөрүн Кыргызстанга чакырып, ачык иштөөгө уруксат бериш керек. Бул тармак ишкерлерге жана ишкердикке абдан жакшы платформа болгон", - деди Бекешев.
Эске салсак, 2023-жылдын 30-августунда Маданият, маалымат жана спорт министрлиги Кыргызстанда TikTok’тун ишмердүүлүгүн токтотуу чечимин кабыл алган. Бул чечим коомчулукта түрдүү пикирлерди жараткан.
2024-жылдын 18-апрелден тарта бир катар мобилдик жана интернет операторлор өлкө аймагында TikTok’ко кирүүнү чектешкен.