Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатынын 9-классынын окуучусунун өлүмүнөн кийин Акыйкатчы институтунун кызматкерлери монитогринг жүргүздү. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.
Өспүрүм 2025-жылдын 24-май түнү дааратканадан асынып алган абалда табылган.
Мектептин директорунун милдетин аткаруучу Гоар Баетованын маалыматына караганда, бала бул мектепте 1-класстан бери окуп, интернатта жашап келген. Анын окуусунда жана курбу-курдаштары менен мамилесинде эч кандай көйгөйлөр болгон эмес.
Учурда бул окуя боюнча Биринчи Май РИИБи тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Мындан тышкары, окуянын чоо-жайын иликтөө үчүн мекемелер аралык комиссия түзүлгөн.
Белгилүү болгондой, музыкалык мектепте 1-класстан 11-класска чейин 513 окуучу билим алат, алардын ичинен 200 бала жатаканада жашайт. Текшерүүнүн жүрүшүндө мектептин штатында социалдык кызматкер, психолог жана түнкү убакыттагы тарбиячы каралган эмес.
Гоар Баетованын айтымында, түнкү кезекте жалгыз тарбиячы калып, ал балдарга да, кыздарга да көзөмөл жүргүзүүгө аргасыз болот.
"Биздин штаттык бирдиктерибизде түнкү тарбиячы каралган эмес. Бирок биз өз тарбиячыларыбызга түнкүсүн нөөмөттө турууну милдеттендиргенбиз",- деп билдирген директордун милдетин аткаруучу.
Ал эми билим берүү мекемесинин уставында тарбиячы балдардын өмүрү жана саламаттыгы үчүн жооптуу деп көрсөтүлгөнү менен, түнкү тарбиячылардын маселеси мектеп түзүлгөндөн бери чечилген эмес. Ошондой эле, мектепте окуучулар өз кайрылууларын, арыз-даттанууларын жана сунуштарын калтыра ала турган атайын кутуча же журнал жок. Мектепке видеокөзөмөл орнотулган, бирок, ага кирүү укугу директордо гана бар. Ал эми директор болсо саат 8:00дөн 18:00гө чейин иштейт. Күзөтчүлөр видеокөзөмөлдү карай албагандыктан 24 сааттык байкоо жок.
Бул боюнча Акыйкатчы институту Маданият жана маалымат министрлигине мектепти жакын арада психолог жана социалдык кызматкерлер менен камсыздоону сунуштап кат жөнөткөн.
Эске салсак, 26-майда аталган мектепте окуучу асынып алганы маалым болгон.