Дүйнөдөгү эң кымбат футболчулар аныкталды. Тизмени Спорттук изилдөөлөр боюнча эл аралык борбор (CIES) жарыялады.
Эң кымбат футболчулардын сап башына Испаниянын улуттук курама командасынын чабуулчусу Ламин Ямаль жайгашты. Буга чейин январь айындагы рейтингде Ямалдын баасы 108,3 миллионго бааланган болчу. 17 жаштагы футболчу 2025-жылдын 27-майында каталондук клуб менен келишимин 2031-жылдын жайына чейин узарткандан кийин биринчиликке чыккан. Эми Ямаль 402,3 миллион евро менен сап башында турат.
Бул рейтингдин алдыңкы ондугунда төмөнкү футболчулар бар:
Эрлинг Холанд ("Манчестер Сити") - 239,6 миллион евро
Джуд Беллингем ("Реал") - 233,8 миллион евро
Килиан Мбаппе ("Реал") - 192,5 миллион евро
Жамал Мусиала ("Бавария") - 154,8 миллион евро
Педри ("Барселона") - 143,7 миллион евро
Винисиус Жуниор ("Реал") - 130,4 миллион евро
Коул Палмер ("Челси") - 126,5 миллион евро
Хулиан Альварес ("Атлетико") - 126 миллион евро
Флориан Вирц ("Байер") - 122,3 миллион евро