Франциянын Рона аймагындагы Вилёрбан шаарында мечитке кирип, Куран китебин өрттөгөн адам кармалды. Бул тууралуу француз басылмалары жазышты.
Маалыматтарга караганда, окуя эки күн мурун, тагыраагы, 2-июнь күнү таңкы намазга 20 мүнөт калганда болгон. Анда белгисиз бир киши Вильёрбандагы Эррахма мечитине кирип, Куран китебин өрттөп жиберген. Ыйык китептин күйүп калган калдыктарын мечиттин эшигине таштап, качып кеткен.
Лион шаарындагы жергиликтүү прокуратура шектүү адам "психикалык жактан туруксуз абалда" экенин билдирген.
Бул мусулмандарга каршы чабуул коомчулукта кескин нааразылык жаратты. Франциядагы мусулман уюмдары жана диний жетекчилер мындай жосунсуз иш-аракеттерди айыпташты. Окуядан кийин коопсуздук чаралары күчөтүлдү.