АКШнын президенти Дональд Трамптын Флоридадагы Мар-а-Лаго резиденциясынын аймагына 18 жаштагы небере кызына үйлөнүүнү каалаган 23 жаштагы жигит кирген. Бул тууралуу NBC News телеканалы кабарлады.
Энтони Рейес хан сарайдын дубалынан ашып түшкөндө Жашыруун кызматтын кызматкерлери тарабынан кармалган. Териштирүүдө ал бул ишке Трамптын небере кызы Кайга үйлөнүү сунушун билдирүү үчүн барганын айткан.
Натыйжада Трамптын үй-бүлө мүчөлөрү менен байланышууга тыюу салынган шарт эске алынып, Рейес түрмөгө жөнөтүлгөн.