Орусиянын президенти Владимир Путин Рим папасы Лев XIV менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн Кремлдин басма сөз кызматы кабарлады.
Алар Украинадагы согушту жөнгө салуу боюнча сүйлөшүшкөн.
"Украинадагы кырдаал боюнча пикир алмашуу учурунда Владимир Путин саясий жана дипломатиялык жол менен тынчтыкка жетишүүгө кызыкдар экенин ырастап, кризисти адилет жана ар тараптуу чечүү үчүн анын түпкү себептерин жоюу керектигин баса белгиледи...
Согуш туткундарын жана каза болгондордун сөөктөрүн алмаштыруу боюнча экинчи раунддун жүрүшүндө жетишилген конкреттүү макулдашуулар тууралуу маалымат берди. Орус тарап балдарды туугандарына кайтаруу үчүн бардык чараларды көрүп жатканы баса белгиленди. Папага кризисти жөнгө салууга көмөктөшүүгө даярдыгы үчүн, атап айтканда, Ватикандын курч гуманитардык маселелерди чечүүгө катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирилди", - деп айтылат маалыматта.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Путин дагы бир жолу понтификти шайланышы менен куттуктап, ага жогорку миссияны аткарууда ийгиликтерди каалаган.
Рим папасы буга чейин орус-украин сүйлөшүүлөрүн Ватиканда өткөрүүнү сунуштаган. Лев XIV 8-майда Рим папасы болуп шайланган.