Трамп 12 өлкөнүн жарандарына АКШга кирүүгө тыюу салганы айтылды

АКШнын президенти Дональд Трамп 12 өлкөнүн жарандарына АКШга кирүүгө тыюу салып, дагы 7 өлкөнүн тургундарына жарым-жартылай чектөө киргизди. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.

CNN басылмасы жазгандай, Ооганстан, Мьянма, Чад, Конго, Экватордук Гвинея, Эритрея, Гаити, Иран, Ливия, Сомали, Судан жана Йемендин жарандарынын АКШга кирүүсүнө тыюу салган.

Мындай чектөө "коопсуздук тобокелдигине” байланыштуу киргизилгени белгиленген. Ал эми жарым-жартылай чектөөлөр жети өлкөнүн жарандарына колдонулат. Алар: Бурунди, Куба, Лаос, Сьерра-Леоне, Того, Түркмөнстан жана Венесуэла.

Ак үйдүн басма сөз катчысы билдиргендей, Трамп Колорадо штатындагы антисемиттик чабуулдан кийин аталган буйрукка кол коюу боюнча акыркы чечимди кабыл алган.

"Ал буга чейин бул маселени караган, бирок жекшембидеги чабуул анын чечимин тездеткен", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан