Кечээ, 4-июнда ABC News телеканалы АКШдагы Колорадо штатынын Боулдер шаарында болгон теракттан жабыркагандардын саны 15ке жеткенин билдирди. Маалыматты округдук прокуратура тастыктаган.
Маалыматка ылайык, 1-июнь күнү Боулдерде бир киши колго жасалган күйүүчү зат менен чабуул жасап, Газа секторунда калган израилдик барымтадагы жарандарды эскерүү маршынын катышуучуларына кол салган. Натыйжада 25 жаштан 88 жашка чейинки 15 адам жана бир ит жаракат алган.
Бул окуяны АКШнын Федералдык тергөө бюросунун директору Кэш Патель "максаттуу уюштурулган террористтик чабуул" деп атады. Өз кезегинде президент Дональд Трамп бул кылмыш үчүн күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жоопко тартыларын белгиледи.
ФБРдин маалыматына ылайык, жаракат алгандардын арасында 8 аял жана 7 эркек бар.
Бул маалыматтар шектүүгө коюлган айыптарга жана сот өкүмүнө түздөн-түз таасир этет.
Шектүү - Мохамед Солиманга Колорадо штаты тарабынан 16 пункт боюнча киши өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси менен айып тагылды (ар бир жапа чеккен адамга 2ден пункт). Мындан тышкары, АКШнын федералдык прокуратурасы аны жек көрүү негизиндеги кылмышка шектүү катары да кароодо.
Соттун чечимине жараша, Солиман өмүрүнүн аягына чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн. Тергөө жана коопсуздук чаралары уланууда.