Кечээ, 4-июнда Казакстанда өрттөн улам 5 бала каза тапты. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты.
Окуя Батыш Казакстан облусунун Сырым районунда болду. Каза болгон балдардын жашы эки жаштан алты жашка чейин экени айтылууда.
"Өрт өчүрүүчүлөр чакыруу түшкөндөн кийин 5 мүнөттүн ичинде келип жетишкен. Келген учурда үйдүн ичинде 30 чарчы метр аянтта жеке буюмдар жана эмеректер күйүп жаткан. Куткаруучулар беш баланы эс-учун жоготкон абалда табышкан. Тилекке каршы, балдар ооруканада көз жумушкан",- деп билдирди коңшу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.
Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматы боюнча, окуя болгон учурда балдардын ата-энелери жумушта болушкан.
Учурда аймактык полиция бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголгону айтылууда.