Футбол: Бүгүн Кыргызстан курамасы Түндүк Корея менен беттешет

Бүгүн, 5-июнга караган түнү Кыргызстан курамасы 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугуна тандоо этабынын алкагында Түндүк Корея менен оюн талаасына чыгат.

Тандап алуу этабынын А тайпасынын 9-турунда Максим Лисицын жетектеген Кыргызстандын курама командасы Түндүк Корея менен беттешет. Оюндун башталышы Бишкек убактысы боюнча саат 00:15те болот. Мелдеш Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарындагы стадиондо өтөт.

Буга чейин, 15-ноябрда Бишкекте өткөн жолугушууда кыргызстандыктар Түндүк Кореянын курамасын 1:0 эсебинде утуп алышкан. Голду коргоочу Християн Браузман киргизген.

8 турдан кийин Кыргызстандын курама командасы 6 упай топтоп, тайпада 5-орунда турат. Учурда команда кийинки этапка чыгуу мүмкүнчүлүгүн сактап калууда.

Бул тайпанын дагы бир беттешүүсү, тагыраагы, Бириккен Араб Эмираттары жана Өзбекстан курама командалары Абу-Даби шаарында оюн талаасына чыгышат. Эгерде өзбекстандыктар жеңилбесе, анда алар 2026-жылдагы дүйнө чемпиондугуна тандоо турунун финалына чыгышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан