Элдин көзүнчө кызды ур-токмокко алган окуя: Милиция маалымат берди 

4-июнда социалдык тармактарда Бишкек шаарында кызды ур-токмокко алган эркек кишинин видеосу тараган.

Бүгүн, 5-июнда калаанын Ленин райондук милициясы окуя Жал кичи районунда болгонун билдирди.

Маалыматка ылайык, 35 жаштагы жабырлануучу арыз менен кайрылып, 1990-жылы туулган Ж.У. тарабынан сабалганын билдирди. Анда саат 17:40 чамасында Тыналиев көчөсүндө Ж.У. күч колдонуп, Хонда Фит үлгүсүндөгү унаасына салып кетүүгө аракет кылганы айтылат.

Жабырлануучу унаадан секирип түшкөн, бирок шектүү аны кайра унаага киргизүүгө аракет кылган. Аял өтүп бара жаткандардан жардам сурап, качып кетүүгө үлгүргөн.

Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Зордук көрсөткөн жаран аялдын жолдошу эместиги айтылды.

Учурда кылмыш иши боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан