Курман айт майрамы учурунда милиция кызматкерлери жарандардын коопсуздугун камсыздашат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 11 миңден ашуун милиция кызматкери өлкө аймагындагы мечиттерде жана ага жакын аймактарда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздайт.
"Курман айт майрамына карата даярдыктын алкагында ички иштер органдарынын кызматкерлери коомдук жайларда укук тартибин камсыз кылуу жана мүмкүн болгон укук бузууларга жол бербөө максатында ыкчам алдын алуу иш-чараларын күчөтүүдө. Мындан тышкары, жол кыймылынын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулууда,"- деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле милициянын бардык бөлүмдөрүндө саптык кароолор өткөрүлүп, анын жүрүшүндө өздүк курамдын кызмат өтөөгө даярдыгы текшерилди. Жарандар көп топтолгон жерлерде абалды көзөмөлдөө күчөтүлдү.
Эске салсак, быйыл Курман айт майрамы эртең, 6-июнда белгиленет.