Жергиликтүү коомдоштуктун ортосундагы жаңжалдарды алдын алуу боюнча мыйзам бекитилди

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда президенттик администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мыйзам 2025-жылдын 30-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Кабыл алынган мыйзам жергиликтүү коомдоштуктун ортосундагы социалдык жана башка жаңжалдардын алдын алуу жана аларга каршы аракеттенүү максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин укуктук негизин түзөт.

"Кабыл алынган мыйзам менен “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынынын 27-беренесине толуктоо киргизүү каралган, ага ылайык жергиликтүү маанидеги маселелердин тизмегине социалдык биримдикти чыңдоого жана коомдогу социалдык чыңалуунун алдын алууга багытталган иш-чараларды уюштуруу жана жүзөгө ашыруу кирет",- деп айтылат маалыматта.

Кошумчалангандай, социалдык биримдик деп анын мүчөлөрүнүн ортосунда өз ара ишеним жана урмат-сый сакталган, ошондой эле ар түрдүү социалдык, маданий жана этностук топтордун ортосундагы өз ара аракеттенүү жана өз ара түшүнүшүү камсыз кылынган коомдун абалы айтылат.

Аталган мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан