Бишкек шаарынан айланма жолго чыкчу көчөгө асфальт төшөлүүдө

Чүй облусунда түндүк айланма жолу менен Бишкек-Кант жолун байланыштырган унаа жолго асфальт төшөө иштери жүрүүдө.
Транспорт министрлигинен билдиришкендей, жумуштар "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасынын №1 жол куруу башкармалыгы тарабынан аткарылып жатат.
Жалпы узундугу 8 чакырымды түзгөн бул жолго 7 сантиметр калыңдыктагы асфальт катмары төшөлүп, анын астына геосетка коюлууда. Азыркы тапта 3,5 чакырым аралык жасалып бүттү.
Белгилей кетсек, бул жумуштар борбор калаанын айланасындагы альтернативдүү маршруттарды жакшыртууга, тыгындарды азайтууга, жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүүгө жана жалпы жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган.
Маалымат иретинде: Аталган жол Бишкек шаарынын кире беришинде жайгашып, түндүк айланма жолу менен Бишкек-Кант жолун байланыштырат (Лебединовка-ГЭС 5 жолуна параллелдүү турат).
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан